super.kg logo

Тунис Францияга нота тапшырды

 

Тунис Франциянын түштүгүндөгү Марсель шаарында өз жараны француз полициясы тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Париж башкаруусуна нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тунис Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Тунис жараны Абделкадер Дхиби 2-сентябрда Марселде полиция тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат. Президент Кайс Саиддин буйругу менен Тунистеги Франциянын элчилигинин ишенимдүү өкүлү Тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага нааразычылык билдирилгени белгиленген.

Билдирүүдө Франциянын ишенимдүү өкүлүнөн "Тунис окуяны адилетсиз өлтүрүү катары карап жатканын жана француз бийликтеринин тергөө иштерин тез жана чечкиндүү түрдө жүргүзүшүн күтөрүн" бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүсү талап кылынганы айтылат.

Окуянын чоо-жайы тууралуу расмий билдирүү жасалган жок, бирок Франциянын басылмаларында 2-сентябрда Дхиби Марселдин борборунда 5 кишини бычактады деген айып менен француз полициясы тарабынан өлтүрүлгөнү жазылган. Кабарларда Францияда мыйзамдуу түрдө жашаган тунистик жаш жигиттин базарда айрым адамдар менен урушуп кеткени, андан соң жаштар тарабынан куулуп, эски порт аймагында полиция тарабынан атылганы айтылган.

Франциянын Республикалык прокуратурасы окуя боюнча "атайылап өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "полиция кызматкерин атайылап өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча тергөө иштерин баштап, полициянын кийлигишүүсү боюнча иштин Башкы коопсуздук башкармалыгына жөнөтүлгөнүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: