super.kg logo

Лиссабондо фуникулёр рельстен чыгып, 15 адам каза тапты (видео)

 

Кечээ, 3-сентябрда Лиссабондо туристтер көп бара турган "Глория" фуникулёру рельстен чыгып кетип, кеминде 15 адам каза тапты. Чет элдик басылмалардын маалыматында, дагы 18 адам жаракат алган.

"Бул чоң трагедия. Лиссабон аза күтүп жатат. Мындай кырсык биздин шаарда мурда болуп көргөн эмес",- деп билдирди Лиссабондун мэри Карлуш Муэдаш.

Португалиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча медициналык кызматы беш адам оор абалда ооруканага жеткирилгенин билдирди. Калган он үч адам, анын ичинде бир бала жеңил жаракат алган.

Каза болгондордун арасында чет элдиктер да бар экени кабарланды, бирок алар кайсы мамлекеттен экени азырынча так айтылган жок.

Португалиянын SIC Noticias телеканалы билдиргендей, кырсык жергиликтүү убакыт боюнча 18:05те болгон. Фуникулёр кулаган учурда канча киши вагондо болгону азырынча белгисиз.

Observador гезити өрт өчүрүү кызматтарына шилтеме берүү менен кырсыкка фуникулёр конструкциясынан тростун үзүлүшү себеп болгонун жазды. Фуникулёр акыркы жолу техникалык текшерүүдөн 2024-жылдын сентябрында өткөн.

Лиссабондогу трамвай жана фуникулёр системдерин тейлеген Carris компаниясы негизги техникалык тейлөө ар 4 жылда бир өткөрүлөрүн жана акыркы жолу 2022-жылы, ал эми өткөн жылы - орто деңгээлдеги текшерүүдөн өткөнүн билдирди.

Компания өз билдирүүсүндө фуникулёр эрежелерге ылайык тейленгенин айтып, полициянын иликтөөсүнө кошумча түрдө өз алдынча иликтөө жүргүзөрүн жарыялады.

Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соуза каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

"Глория" фуникулёру 1885-жылы ишке берилген, ал эми 1915-жылга чейин толук электр тогуна өткөрүлгөн. 2002-жылдан бери Португалиянын улуттук тарыхый эстеликтеринин катарына кирет.






4.09

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: