super.kg logo

MEGA: "Мамлекеттик" тарифи ─ эл кызматындагылар үчүн байланыш

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшөт. Компания мугалимдерге, дарыгерлерге, ИИМдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине, аскер кызматкерлерине жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине терең урматтоосун билдирүү менен бирге, алар үчүн «Мамлекеттик» уникалдуу тарифи иштелип чыккандыгын билдирет.

Бул жөн гана сунуш эмес – бул өлкөбүздүн коопсуздугу, ден соолугу жана келечеги үчүн маңдай тер төгүп, талбай эмгектенип жаткан мекендештерибизге ыраазычылык билдирүүнүн белгиси.

Айына болгону 250 сом үчүн «Мамлекеттик» тарифинде төмөндөгүлөр жеткиликтүү:

• Максималдуу ылдамдыктагы 40 ГБ интернет;

• Интернетти акысыз таратуу;

• Башка операторлордун номерлерине чалуу үчүн 20 мүнөт;

• MEGA тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар жана SMSтер;

• Бош убакытты кызыктуу өткөрүү үчүн 50 телеканал.

Тарифти MEGA24 колдонмосу аркылуу гана кошо аласыз. “Тарифтер” бөлүмүн тандап, “Кошуу” баскычын басуу жетиштүү, андан кийин “Кызмат” Мамлекеттик мекемесинин системасы сиздин мамлекеттик кызматкер статусуңузду заматта текшерет жана тарифти колдоно баштоого мүмкүн болот.

MEGA байланышты бардыгы үчүн жеткиликтүү жана заманбап кылып, Кыргызстандын эли үчүн кам көрүү менен, ыңгайлуу тарифтерди түзүүнү улантууда.

MEGA — эл кызматындагыларга ыраазычылык билдирүү менен!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик автоматташтырылган кызматынын лицензиясы: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-К.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: