Путин Си Цзиньпин менен өмүрдү узартуу маселесин талкуулаганын ырастады
Орусия президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен өмүрдү узартуу маселесин талкуулаганын ырастады.
Ал кечээ, 3-сентябрда Кытайдагы маалымат жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып, "Ооба. Менимче, талкуу парадга баратканда болгон. Бул тууралуу төрага (ред.: Цзиньпин) айткан",- деген Путин.
Андан соң ал: "Ооба, заманбап каражаттар, медициналык каражаттар, органдарды алмаштырууга байланышкан ар кандай хирургиялык операциялар бүгүнкү күндө да адамзат жашоосун уланат деп үмүттөнүүгө мүмкүндүк берет",- деп жыйынтыктаган сөзүн.
Айта кетсек, мунун алдын Цзиньпин менен Путиндин жашоону узартуу тууралуу сүйлөшүшкөн видеосу тараган. Bloomberg басылмасы сүйлөшүү бир мүнөткө жетпеген убакытка созулуп, маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап, толук угулбаганын жазат.
