Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт
Электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 16-январда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электрдин” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ГЭС-3төн тараган линияларда оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн Бишкектеги “Шоро” заводунун аймагында жана Осмонкул көчөсүндө саат 09:00дөн 17:00гө чейин жарык өчөт.
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар, Кара-Жыгач айылдарында саат 09:00дөн 17:00гө чейин маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

