Жалал-Абадда мыйзамсыз ижарага берилген айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды



Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз ижарага берилген айыл чарба жерлери мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Ноокен районуна караштуу Эргеш Алиев жана Сакалды айыл өкмөттөрүндө текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында айыл чарба багытындагы айрым жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке жарандарга 49 жылга ижарага берилгени аныкталды.
Мурдагы айыл өкмөт башчылары тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусуз эле жерлерди "айыл чарбага жараксыз" деп көрсөтүп, мыйзам талаптарына каршы ижарага беришкен. Ал эми жеринде жүргүзүлгөн текшерүүдө бул жерлер айыл чарба ишмердүүлүгүнө толук жарактуу экени тастыкталды.
Мурунку күчүн жоготкон Жер кодексинин талаптары боюнча түшүндүрүү иштеринин негизинде ижарачылар мыйзам бузуулар менен алынганын түшүнүп, жалпы аянты 3,10 гектар болгон жер тилкелерин ыктыярдуу түрдө мамлекеттин карамагына кайтарып беришти.
Бул иш-чара Жер кодексинин талаптарын аткаруу жана айыл чарба багытындагы жерлердин мыйзамдуу пайдаланылышын камсыздоо максатында жүргүзүлдү.
