super.kg logo
  Спорт  

Чолпон-Ата шаарында III Түрк универсиадасы башталды (фото)

 

Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” спорт комлексинде дзюдо боюнча мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасында 14 спортчу бар. Кыздар 4 салмак ченинде, эркектер 3 салмак категориясында күч сынашат.

Универсиадада спортчулар төмөнкү дзюдо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, шахмат, стол тенниси, волейбол, футзал боюнча таймашат.

Түрк универсиадасына Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайжандын студенттик курама командалары катышууда.

Спорттук иш-чарага жалпысынан 450дөн ашык делегация мүчөлөрү чогулган. Алардын арасында спортчулар, машыктыруучулар, делегация башчылары жана дарыгерлер бар.

Эске салсак, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн алгачкы универсиадасы 2018-жылы апрель айында Бакуда (Азербайжан), II Түрк универсиадасы Казакстандын Түркстан шаарында 2023-жылдын ноябрь айында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: