super.kg logo

Украина Путиндин Зеленский менен Москвада жолугушуу сунушуна жооп берди

 

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Орусиянын президенти Владимир Путиндин украин лидери Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү Москвада өткөрүү сунушу кабыл алынгыс экенин билдирди. Бул тууралуу Сибига социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Анын айтымында, учурда жетиден кем эмес өлкө, тагыраагы, Австрия, Ватикан, Швейцария, Түркия жана Перс булуңундагы үч мамлекет Украина менен Орусиянын лидерлеринин жолугушуусун уюштурууга даяр экенин билдиришкен.

"Бирок Путин баарын манипуляциялап, алдын ала кабыл алынгыс сунуштарды жасап жатат. Орусияны тынчтык процессине чындап көңүл бурууга мажбур кылчу бир гана жол - кысымды күчөтүү",- деди Сибига.

Эске салсак, буга чейин Путин Зеленский Москвага келсе, жолугушууга даяр экенин билдирген. Ал жолугушууга АКШ президенти Дональд Трамп суранычы менен даярданып жатканын кошумчалаган.

Август айында AFP агенттиги Путиндин Зеленскийди Москваны чакыруусу тууралуу кабарлаган. Маалыматка караганда, бул сунушту ал АКШ президенти Дональд Трамп менен Аляскада сүйлөшүү учурунда айткан. Зеленский ошол учурда жолугушууга макул болгон эмес.

Украин лидери Путин менен сүйлөшүүлөрдү Швейцария, Австрия же Түркияда өткөрүүнү сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: