super.kg logo

Көлбаевдин жакыны, криминалдык авторитет "Узун Улан" Москвадан кармалды

 

"Узун Улан" каймана аты менен белгилүү болгон 47 жаштагы криминалдык авторитет кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал сентябрь айынын башында Орусиянын Москва шаарынан колго түшкөн. Шектүү оор кылмыштарды жасаган үчүн мурда бир нече жолу соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 47 жаштагы киши маркум Камчы Көлбаевдин эң жакын жана ишенимдүү адамы болгон, анын жеке коопсуздугун карап келген. Бир нече жолу криминалдык чыр-чактактарга катышкан. Андан сырткары "общак" кылмыш казынасын толтуруу максатында ишкерлерден коммерциялык фирмаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү опузалоо менен тартып алып турган.

Ал 2019-жылы Бишкек шаарында башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алууга жана каракчылык менен кол салууга айыпталууда. Жабырлануучу чет өлкөнүн жараны болгон ишкер.

Учурда ал Москвадан Бишкекке милиция кызматкерлери тарабынан алынып келди. Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: