«Элдик Банктын» башкармасынын төрагасы БУУнун Борбор Азиядагы Глобалдык келишим тармагынын директорлор кеңешинин курамына кирди
«Элдик Банк» ААК төрагасы Уланбек Ногаев Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиядагы Глобалдык келишим тармагынын директорлор кеңешинин курамында Кыргызстандын атынан жалгыз өкүл болуп калды.
Элдик Банк башкармасынын төрагасынын мындай дүйнөлүк алкактагы кеңешке мүчө катары шайланышы - туруктуу өнүгүү принциптерин алдыга жылдырууда жана Кыргызстандын региондук жана глобалдык ESG-күн тартибиндеги позициясын бекемдөөдө Элдик Банктын көзгө басарлык иштерди аткарып жатканын белгилейт.
2025-жылдын 18-июнунда Алматы шаарында (Казакстан) БУУнун Глобалдык келишиминин Борбордук Азиядагы жергиликтүү кеңсесинин расмий ачылышы болуп өттү. Бул жаңы кеңсе туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, Борбордук Азиянын эл аралык абройду бекемдөө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн аймактагы компанияларды бириктирген жооптуу бизнес үчүн алдыңкы аянтча болуп калат.
2025-жылдын 27-августунда Борбор Азиядан БУУнун Глобалдык келишимине катышуучу-уюмдардын 100гө жакын өкүлдөрүн чогулткан тармактын катышуучуларынын биринчи жалпы жыйналышы (Генералдык Ассамблея) болуп өттү. Жыйналышта Глобалдык келишимдин аймактагы акыркы үч жылдагы иш-аракетинин жыйынтыгы чыгарылып, бул тармакты мындан ары өнүктүрүүгө карата көз караштар белгилүү болду.
Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири директорлор кеңешин – тармактын башкаруу органын түзүү болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында «Элдик Банк» ААК башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев кеңештин курамына мүчө катары кабыл алынды. Ошондой эле, бул кеңештин курамына Казакстан менен Өзбекстандын ири компанияларынын жетекчилери да кирди.
Директорлор кеңеши стратегиялык жана көзөмөлдөөчү функцияларды аткарат: ал тармактын ишинин артыкчылыктарын аныктайт, туруктуу өнүктүрүүнүн региондук күн тартибин түзөт жана эл аралык кызматташтыктын багыттарын аныктайт.
Кошумча маалымат.
БУУнун Борбордук Азиядагы Глобалдык келишим тармагына төмөнкүлөр кирет:
• Умут Шаяхметова, JSC Halyk Bank
• Серик Толукпаев, Aitas KZ JSC
• Зафар Хашимов, FE Anglesey Food LLC
• Эдгард Бо Шахин, Schneider Electric LLP Kazakhstan
• Уланбек Ногаев, OJSC “Eldik Bank”
• Асель Тасмагамбетова, CAIER; LLP “Telli Kazakhstan”; Shoqan Walikhanov Private School; Sabi Foundation
• Баглана Мусина, Freedom Shapagat Corporate Fund
• Александр Гужавин, Qazaq National Parks Ltd
