super.kg logo

Түркстанда тойдо ырдап жаткан келинин мурунку кайнатасы сабап салды (видео)

 

Түркстан облусунун тургуну Азода Толай кызы мурунку күйөөсүнүн атасы мас абалында аны тойдо ырдап жаткан жеринен сабап салганын билдирди.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Азода ошондой эле мурунку күйөөсү аны "эгер атамдын үстүнөн арыз жазсаң, сени эч ким жардам бергидей абалга алып келем" деп коркутуп жатканын айтууда.

Азода социалдык тармактагы билдирүүсүн 31-августта, саат 20:30дар чамасында жазды. Загамбар айылында ал ырдап жаткан ушул эле аталыштагы ресторанда бир киши (кийинчерээк белгилүү болгондой, анын мурунку күйөөсүнүн атасы) жанына келип, аны чаап жиберген.

"Бул боюнча бир гана жергиликтүү полиция кызматкери келди, бир сааттан кийин гана. Ал жумушуна шалаакылык менен мамиле жасап, өз милдетин так аткарбай жатат. Полиция кызматкерлери мени экспертизага жибербей, убакытты созуп, шишик жок болсун деп күтүп жатышыптыр. "Өзүбүз чакырабыз" дешти",- деди Азода.

Ал милиция кызматкери тойдо күбөлөрдөн көрсөтмө албагандыгын, тескерисинче, процессти кечеңдетип, "кечирип кой" деп көндүрүүгө аракет кылганын айтууда.

"Арыз жазганы келсем, мени сабаган кишиге телефон чалып, ал келгенге чейин атайын убакытты созуп жатышыптыр, ичимдик менен киришип, дасторконго отурушуп "өзүңөрчө сүйлөшкүлө" дешти. Мен "арыз жазып кетем" деп жооп бердим. Бирок мен бул адамдан коркуп кетип калдым, милиция кызматкери ага эч нерсе дебей, эч кандай чара көргөн жок",- деп белгиледи ал.

Азода жалгыз бой эне экенин билдирди.

"Көпчүлүктүн көзүнчө мени сабап, коомдук тартипти сыйлабай, ушул абалга алып келди. Намысыма тийди. Мыйзам чегинде жооп беришин суранам. Ошол күнү ал наркологиялык экспертизага жиберилген эмес. Мас абалындагы адамды текшерүүдөн өткөрүп, камаш керек болчу, бирок эмне үчүн ал дагы эле эркиндикте жүрөт?",- деди ал.






кайнатасы урган келин

тойдогу чыр

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: