Австралияда чоң ата жаңылышып, бала бакчадан башка баланы алып кетти
Австралияда жеке бала бакчалардын биринде тарбиячы катуу жаңылыштыкка жол берип, уктап жаткан наристени башка ата-энеге берип жиберди. Чоң ата, чоң эне өз небересинин ордуна башка баланы үйүнө алып кеткенин алар бир нече сааттан кийин гана билишкен. Бул тууралуу ABC.net.au басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, апасы уулун издеп келгенде гана жаңылыштык болгонун байкашкан. Наристе дароо апасына кайтарылып, чоң ата, чоң эне болсо өз небересин алышты.
Бала бакча жетекчилиги ата-энелерден кечирим сурап, жооптуу тарбиячыны иштен алды. Жаңы Түштүк Уэльстин билим берүү жана балдарды кароо боюнча жөнгө салуучу органы жана полиция окуяны иликтөөдө.
Мекеме мындай учур алардын тарыхында биринчи жолу болгонун айтып, коопсуздук эрежелери күчөтүлөрүн билдирди.
