super.kg logo

Оштун мэри окуу жайдын жетекчисине кийген кийими үчүн сын айтты (видео)

 

Бүгүн, 4-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош мамлекеттик университетинин биология факультетине текшерүүгө барды.

Анда ал окутуучулардын формасына нааразычылыгын билдирди. Окуу жайдын жетекчиси да мэрдин сынын укту.

"Сиздердин окуу жайда дресс код деген жокпу? Сиз жынсы менен паркта жүргөндөй, а орун басарыңыз "свиданияда" жүргөндөй жүрөт",- деди Токторбаев.

Жетекчи эртең менен окуу жайдын ботаникалык багында болгонун, андыктан ыңгайлуу кийинип алганын жүйө келтирди.

Токторбаев: "Мен рейдден келдим. Сиз канчада барып келдиңиз".

Жетекчи: "Саат 9:00дө".

Токторбаев: "Мен эртең менен саат 5те рейдде болдум. Саат 8де үйгө келип жуунуп, бул жакка кийинип келип калдым".

Жетекчи: "Мен 8де келип сабак өтүп коюп, анан ошол жакка бардым".

Токторбаев: "Сөзсүз эле сабак учурунда кийиш керек беле?".






04.09.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: