super.kg logo

Ысык-Көл районунда мыйзамсыз торлор аныкталды

 
Ысык-Көл районунда мыйзамсыз торлор аныкталып, жок кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
Ысык-Көл РИИБинин жетекчилиги Туристтик-экологиялык милиция, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана бирдиктүү кызматтар менен биргеликте таңкы нускама өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө көлдүн үстүнө салынган эски жана мыйзамсыз торлорду аныктоо жана толук түрдө жок кылуу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.
Бул иш-чаранын негизги максаты – Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун сактоо, балык чарбасын коргоо жана мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу болуп саналат.
Ысык-Көлдүн жаратылышын коргоо жана коомдук тартипти камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: