super.kg logo

Зеленский Парижде Стив Уиткофф менен жолугушуу өткөрөт

 

Украинанын лидери Владимир Зеленский Парижде өтүп жаткан Украинаны колдогон өлкөлөрдүн "Каалоочулар коалициясынын" жыйыны алкагында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул жолугушуу 18-августта Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөрдүн уландысы болмокчу.

Ошол эле учурда Орусиянын ТИМ башчысынын орун басары Михаил Галузин орус журналдарынын бирине берген маегинде Орусия Украинага коопсуздук кепилдигин берүү маселеси боюнча иштөөгө даяр экенин, бирок бул үчүн Украина ядролук куралга ээ болбошу, аскердик блокторго кошулбашы жана нейтралдуу мамлекет бойдон калышы керектигин белгилеген.

Галузиндин айтымында, Москва украин кризисин эртерээк жөнгө салууга кызыкдар жана дал ушул себептен түз сүйлөшүүлөрдү сунуштаган. Ал өз сөзүндө АКШнын бул процесстеги аракеттерин да белгилеп, Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Анкоридждеги жолугушуусунан кийин оң динамика пайда болгонун жана анын уланышына үмүт артыларын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: