super.kg logo

Бишкекте белгисиз адамдарга банк карталарын саткан жарандар аныкталды

 

Бишкекте «дропер» деп аталган кылмыштуу аракеттерге катышкан жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөр социалдык тармактар жана ар кандай байланыш каналдары аркылуу белгисиз адамдарга банк карталарын сатышкан. Ал эми ал карталар белгисиз адамдар аркылуу активдештирилип, мыйзамсыз акча каражаттарын алуу схемалары жүргүзүлгөн.

"Алар кылган ишине өкүнүп, коомчулукка кайрылуу жасап, мыйзамсыз аракеттерге аралашпоого жана жеңил жол менен акча табууну убадалаган сунуштарга алданбоого чакырышты", - деп билдирди милиция.

Бишкек шаардык милициясы жарандарды сак болууга, шектүү билдирүүлөр жана банк карталарын сатууга сунуштар болгон учурда дароо милицияга кабарлоого чакырат.

"Бул аракеттерге Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдер капчыгын жана SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) ылайык жоопкерчилик каралганын эскертебиз", - деп айтылды мекемеден.






04.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: