Бишкектин вице-мэри мугалимдер жапырт жумуштан кеткен деген кептерге жооп берди
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын мектептериндеги мугалимдердин жапырт иштен алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Ал акыркы мезгилде бир катар ЖМКларда борбор калаадагы мектептерден мугалимдердин жапырт иштен алынышы тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгилеген.
"Ар бир мугалим, башка кызматкерлер сыяктуу эле, иш ордун тандап алуу укугуна ээ жана иштен кетүү тууралуу арыз жазышы мүмкүн. Мындай кадрдык өзгөрүүлөр көп учурда жай айларында орун алат, бирок окуу жылынын ичинде да болушу ыктымал. Бул каалаган тармакта кездешкен кадимки көрүнүш.
Маанилүүсү иштен кеткендер менен катар мектептерге жаңы кадрлар, анын ичинде жаш адистер да келип турушат", - деп жазды ал.
Вице-мэр билдиргендей, бүгүнкү күндө шаардагы билим берүү мекемелеринде жалпы 10 317 мугалим иштейт. Ал эми бош орундардын саны 120 мектеп боюнча 573 штаттык бирдикти түзөт. Бул салыштырмалуу көрсөткүч боюнча 5,5 пайыз.
"Окуу процесси толук камсыздалган. Сабак сааттары иштеп жаткан мугалимдердин арасында бөлүштүрүлгөн", - деп кошумчалады ал.


