super.kg logo

Шаршебек Шейшенов Чүй облустук театрынын көркөм жетекчиси болду

 
Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын көркөм жетекчиси болуп Шаршебек Шейшенов дайындалды.
Маданият министрлиги кабарлагандай, ал буга чейин Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын көркөм жетекчиси кызматын аркалап келген.
Шаршебек Шейшенов 1962-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чоң- Сары-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. 1978-1983-жылдары Москва шаарындагы А.В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтунда (ГИТИС) театр жана кино актеру факультетинде билим алган.
Эмгек жолу:
  • 1983-жылы К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында баштаган.
  • 1991-2001-жылы Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясында телережиссер жана редактор;
  • 2001-2006-жылы “Учур” телетеатрынын телепродюссери;
  • 2007-2025-жылы “Учур” телетеатрынын (Мамлекеттик “Учур” жаштар театры) директору;
  • 2025-жылдын 8-январынан – 2025-жылдын 3-сентябрына чейин Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын көркөм жетекчиси.
Сыйлыктары:
  • Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1990-жыл);
  • КТРКнын жылдын мыкты режиссеру (1997, 1998-жылдары);
  • КТРКнын Ардак грамотасы (2007-жыл);
  • КТРКнын Отличниги (2010-жыл);
  • Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси (2013-жыл);
  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы (2016-жыл)
  • Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (2018-жыл);
  • ТҮРКСОЙдун “Халдун Танер” атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты (2019-жыл)
  • М. Ауэзов атындагы алтын медаль (2022-жыл).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: