Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Парижде өтүп жаткан "Каалоочулар коалициясына" катышкан европалык лидерлер менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдөн кийин Франция президенти Эммануэль Макрон менен Зеленский басма сөз жыйын өткөрүштү. Макрон билдиргендей, 26 өлкө өз аскерлерин Украинанын аймагына жөнөтүүгө даяр экенин билдиришкен. Бирок бул ок атышуу токтотулганда гана мүмкүн болору кошумчаланды.
Аталган планга күчтүү армияны эч кандай чектөөсүз сактоо, өлкө ичинде курал-жарак өндүрүшүн кеңейтүү, АКШдан абадан коргонуу системдерин сатып алуу жана чет элдик аскерлердин жер үстүндө, асманда жана деңизде болушу кирген.
Макрон кошумчалагандай, Батыш мамлекеттери мүмкүн болгон аскердик операцияга даярдануу боюнча пландаштыруу иштерин башташкан.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги Ак үйдөгү өкүлгө шилтеме берүү менен билдиргендей, Трамп сүйлөшүү маалында европалык өнөктөштөрүн орус мунайын сатып алууну токтотууга чакырган. Анын айтымында, Орусия ошол каражаттар аркылуу согушту каржылап жатат.
"Президент ошондой эле Европа лидерлери Кытайга экономикалык басым кылышы керектигин белгиледи. Анткени Кытай дагы Орусиянын аскердик машинесин каржылоого катышып жатат",- деп жазат Reuters агенттиги америкалык атын атабаган расмий булакка шилтеме берип.
