Садыр Жапаров эмне деп кыялдана турганын айтты (видео)
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында өлкө башчы Садыр Жапаровдун видеосун бөлүштү. Видео 2021-жылдын март айында тартылган. Анда президент жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде, эмне деп кыялдана турганын айткан.
"Өзбекстанга барганда өндүрүш тармагын көрүп жүрүп уялдым. Биз тиш чукуган фабрикабызды салбаптырбыз, алар болсо самолёт чыгарып жатышат",- деген Жапаров.
"Мен Кыргызстанды кандай көрөм? Кандай деп кыялданам? Мен Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошконду кыялданам",- деп билдирген өлкө башчы.
Садыр Жапаров эмне деп кыялдана турганын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:25
2025-09-05
10:37
2025-09-05

17:22
2025-09-04
16:17
2025-09-03

Рейтинг:
0

