super.kg logo

Жалал-Абаддагы мечиттин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алган дин кызматкери кармалды

 

Жалал-Абад шаарындагы "Соолихин" мечитинин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алган Мусулмандар дин башкармалыгынын адиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-жылы аталган "Соолихин" мечитинин мурдагы имамы Б.А.А., муфтияттын адиси Б.А.А. жана Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы И.К.А. менен өз ара коррупциялык схеманы уюштурушкан. Анын натыйжасында мурда мечиттин унаа токтотуучу жайы катары колдонулуп келген аянты 350 чарчы метр жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып, андан соң муфтияттын адиси Б.А.А.нын менчигине кайра каттоодон өткөрүлгөн.

Аталган жарандардын бул аракеттеринде одоно мыйзам бузуулар орун алып, ошондой эле аукцион өткөрүү тартиби сакталбаганы аныкталган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КМДБнын адиси Б.А.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми мечиттин мурдагы имамы Б.А.А. жана мурдагы айыл өкмөт башчысы И.К.Ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: