АКШ 2030-жылы Марска адам жөнөтүүнү пландаштырууда
АКШ 2030-жылдардын башында Марска космонавттарды жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу АКШнын Улуттук аэронавтика жана космостук изилдөөлөр башкармалыгынын (НАСА) жетекчисинин милдетин аткаруучу башчысы Шон Даффи Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.
Бул миссия аркылуу АКШ "экинчи космостук мелдешти" утуп алууну көздөйт.
"Биз 30-жылдардын башында Марска жетүүнү каалайбыз жана бул өтө маанилүү... Марска сегиз айдан ашык учуу болот, андан кийин ал жерде жашап, кайра кайтып келүү керек",- деди Даффи.
2024-жылдын июнунда Калифорния университетинин Санта-Барбарадагы илимпозу Жек Кингдон Марска учуунун убактысын бар технологияларды колдонуу менен 90-104 күнгө кыскартууга мүмкүнчүлүк берген ыкманы сунуштаган.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп жана анын администрациясы Марсты изилдөөгө багытталган пландарын бир нече жолу билдиришкен. Трамп президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин Марс планетасына АКШнын желегин жайгаштырууну каалай турганын айткан.
