Ысык-Көлдө браконьердик торлор тазаланууда






Кечээ, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн акваториясында браконьерлер тарабынан салынган синтетикалык торлорду тазалоо иштери улантылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Иш-чара ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жана Ысык-Көл ОИИБинин башчысы Мурат Бороновдун катышуусунда жана жеке жетекчилигинде өткөрүлдү.
Бул иштер тиешелүү кызматтар менен биргеликте Садыр Жапаровдун №131 жарлыгынын талаптарын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Тазалоо иштерине суучулдардын салымы өзгөчө маанилүү болгону айтылды. Алар көлдүн түбүнө чөгүп калган жана толкундардын айынан жээкке чыгып калган эски торлорду, таштандыларды жана башка калдыктарды жыйноого көмөктөштү. Натыйжада биргелешкен эмгектин аркасында жалпы 11 500 чарчы метр синтетикалык тор жана 15 кап таштанды чыгарылып, тазаланды.
Иш-чаранын негизги максаты - Ысык-Көлдүн экологиялык тазалыгын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана браконьерчиликке каршы күрөштү күчөтүү болуп саналат.
