6-сентябрдан тарта Фучик көчөсүнүн батыш тилкеси - Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул туралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Аталган көчөнүн чыгыш тилкесинде эки багыттуу кыймыл уюштурулат.

"Урматтуу шаар тургундары жана калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын алдын алуу максатында коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт",- деп айтылат маалыматта.