super.kg logo

Швеция Орусияны Балтика деңизинде GPS сигналдарын бузду деп айыптады

 

Швециянын Транспорт агенттиги Балтика деңизинин үстүндө GPS сигналдарынын бузулушу дээрлик күн сайын кайталанып жатканын маалымдап, бул үчүн Орусияны айыптады. Агенттиктин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башынан бери 733 учур катталган. Ал эми 2023-жылы мындай учурлар болгону 55 эле.

GPS иштебей калышы аба жана деңиз ташууларын тең таасирлентери белгиленип, сигналдардын булагы Орусиянын аймагынан чыкканы аныкталды.

Агенттик башчысы Андреас Холмгрен кырдаалды "олуттуу" деп баалап, бул абал "жарандык авиация үчүн коопсуздук коркунучун" жаратканын билдирди.

Жакында Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин учагы да GPS тоскоолдугуна кабылган. Учкучтар конууну кагаз карталардын жардамы менен жасоого аргасыз болуп, учакты коопсуз кондурушкан.

Бул окуядан кийин Брюссель "Орусиянын түз кийлигишүүсү" деген билдирүү жасап, Европанын коргонуу мүмкүнчүлүгүн чыңдоо боюнча чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу кайталады.

Швеция, Эстония, Финляндия, Латвия, Литва жана Польша июнь айында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) кеңешине кайрылышкан.

ICAO Орусиядан "эл аралык милдеттенмелерин аткарууну жана мындай кийлигишүүлөрдү дароо токтотууну" талап кылган. Бирок швед бийлигинин айтымында, тескерисинче, GPS бузулуулары көбөйгөн бойдон калууда.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков айыптоолорду "жалган маалымат" деп билдирди. Москва көптөн бери мындай дооматтарды четке кагып келет. Ал эми Улуу Британиянын Жарандык авиация башкармалыгы GPS системасы учуу жабдууларынын бир гана бөлүгү экенин, ошондуктан ал толугу менен навигацияны бузбай турганын белгиледи.

Болгариянын Жарандык авиация органы 2022-жылы Украинадагы согуш башталгандан бери GPS бузулуулары "көзгө көрүнөөрлүк өсүп жатканын" билдирген.

Адистердин айтымында, сигналды атайлап бузуу негизинен куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан аймактардагы аскердик аракеттердин кошумча натыйжасы катары пайда болот. Бирок Европа өлкөлөрү бул көрүнүштү Кремлдин аймактык коопсуздукту алсыратуу стратегиясынын бир бөлүгү катары баалашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: