Уиткофф: "Трамп Путин жана Зеленский менен жолугушууга даяр"
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен үч тараптуу жолугушууга катышууга даяр. Бул тууралуу АКШнын лидери атайын элчиси Стив Уиткофф "Каалоочулардын коалициясы" жыйынында маалымдаганын The Wall Street Journal гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Уиткофф ошондой эле Трамп АКШ президенти катары "Украинада тынчтыкка жетишүүнүн бардык жолдорун карап көрүүгө даяр" экенин айткан.
1-сентябрда Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин азырынча Трамп жана Зеленский менен үч тараптуу же эки тараптуу жолугушуу боюнча кандайдыр бир макулдашууга барбаганын билдирген. Кремлдин өкүлү басылмаларда чыккан маалыматтар Орусия жана АКШ президенттеринин Аляскадагы сүйлөшүүлөрүндө жетишилген макулдашуулар менен толук дал келбей турганын белгилеген. Анын айтымында, орусиялык жана украиналык делегациялардын сүйлөшүүлөрүндө өкүлдөрдүн жолугушуусу боюнча азырынча так сунуштар жок.
30-августта Трамп АКШ, Орусия жана Украина лидерлеринин саммити өтөрүн билдирген, бирок Путин менен Зеленский эки тараптуу өзүнчө жолугушууга барарына ишенбей турганын айткан.
Эске салсак, буга чейин Путин Зеленский Москвага келсе, жолугушууга даяр экенин билдирген. Украин лидери Путин менен сүйлөшүүлөрдү Швейцария, Австрия же Түркияда өткөрүүнү сунуштаган.
