super.kg logo

Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкерлигин койду

 

UFC'нин мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Ирландиянын октябрь айында өтө турган президенттик шайлоосуна талапкерлигин бюллетенге коштуруу үчүн күйөрмандарын аракет кылууга чакырды. Себеби талапкер катары катталуу үчүн парламенттин мүчөлөрүнүн же жергиликтүү кеңештердин колдоосу керек. Макгрегор социалдык тармактагы баракчасында Дублиндеги өкмөт имаратынын алдында тартылган видеокайрылуусун жарыялады.

"Эгер менин атымды президенттик шайлоонун бюллетенине киргизгиңиз келсе, бүгүн жергиликтүү кеңешчилерге кайрылып, менин талапкерлигимди көрсөтүүнү сураныңыз",- деди Макгрегор.

Илон Маск Макгрегордун постун Х социалдык тармагында Ирландия желектери менен бөлүштү.

Макгрегор буга чейин март айында президенттикке аттануу пландары бар экенин айткан. Бирок анын ысымы жергиликтүү кеңештердин колдоосун издеген талапкерлердин тизмесине кирген эмес.

Бюллетенге кирүү үчүн Макгрегорго парламенттин 20 мүчөсүнүн же төрт жергиликтүү же аймактык кеңештин колдоосу зарыл. Ирландияда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт, талапкерлердин каттоосу 24-сентябрга чейин уланат. Ирландия президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат жана эки жолу гана кызмат кыла алат.

Макгрегор 37 жашта, акыркы жолу 2021-жылдын жайында UFC 264 турниринде америкалык Дастин Порьерге каршы мушташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: