Өлтүрүп, токойго көмгөн. Орусияда аялын жоголду деп арыз жазган адам кармалды
Удмуртияда аялын өлтүргөн деп айыпталып, 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал кылмыш жасагандан кийин изин жашыруу үчүн сөөктү токойго алып барып, аялынын жоголгондугу тууралуу милицияга кабарлаган.
Тергөө материалдарына ылайык, окуя 1-июлга караган түнү Глазов шаарында болгон. Мас абалында болгон жубайлардын ортосундагы чыр аялдын ичкиликке берилип кеткендигинен улам келип чыккан. Жаңжал учурунда эркек аялын бир нече жолу чаап, анын кесепетинен аял каза болгон.
Кылмышкер кылмышты жашыруу максатында маркумдун денесин бөлүп, баштыктарга салып, Глазовго жакын жердеги токой плантациясына автоунаа менен алып кеткен. Андан кийин ал аялынын жоголгондугу тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылып, аны издөөгө активдүү катышкандай түр көрсөткөн.
Бирок ал кишинин кызыктай жоруктары милиция кызматкерлеринин арасында суроолорду жараткан. Анын унаасын текшерүү учурунда багаж бөлүгүнөн кандын издери табылган. Экспертиза кан жоголгон аялга таандык экенин аныктаган. Бул кылмышты мойнуна алган шектүүнү кармоого негиз болгон.
Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
