Зеленский Путиндин Москвада жолугушуу өткөрүү сунушуна жооп берди
Украина президенти Владимир Зеленский Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал "Каалоочулар коалициясы" саммитинен кийин Парижде өткөн пресс-конференцияда маалымдады.
"Америкалык өнөктөштөрүбүз Путин мени Москвага чакырганын айтышты. Мен ойлойм, эгер жолугушуунун болуусун каалабасаңар, мени Москвага чакырышыңар керек",-деди Зеленский.
Зеленский жолугушуу зарыл экенин белгилеп, бирок аны кечиктирүү үчүн Орусия бардык аракеттерди жасап жатат деп айыптады. Ошол эле учурда Путин жолугушуу тууралуу айта баштаганы жакшы көрсөткүч экенин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Путин Зеленский Москвага келсе, жолугушууга даяр экенин билдирген. Украин лидери Путин менен сүйлөшүүлөрдү Швейцария, Австрия же Түркияда өткөрүүнү сунуштаган.
