super.kg logo

Орусияда жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга таштап кеткен аял кармалды

 

Кечээ, 4-сентябрда Ленинград облусунун Всеволожск шаарындагы имараттын жанындагы таштанды челектин жанына жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Орусиянын облустук тергөө комитети билдирди.

Жаңы төрөлгөн ымыркайды энеси өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда наристе медициналык мекемеде экени маалым болду.

Жаңы төрөлгөн баланы таап алгандар укук коргоо органдарына билдиришкен.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аял тергөөчүлөр жана милиция кызматкерлери тарабынан жеринде кармалды. Учурда аял жасаган кылмышы боюнча сурак берип жатат, жакынкы аралыкта ага карата айып тагылып, баш коргоо чарасы тандалат",- деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 1987-жылы туулган шектүү мурда адам өлтүрүү боюнча соттолгон. Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып, кылмыштын жасалышына түрткү болгон себептерди жана шарттарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: