super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги ЖЭБдин иши боюнча соттолгон Айбек Калиев татарстандык делегация менен келди

 

Бүгүн, 5-сентябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев татарстандык "Тармактык компания" акционердик коомунун башкы директору Ильшат Фардиев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин тараткан маалыматында, Ибраев "Кыргызстан УЭТ" ААКсына чыңалууда иштөө боюнча методикалык жана техникалык материалдар менен камсыз кылуу жана ички ченемдик укуктук актыларды, регламенттерди иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүнү суранып, анын алкагында протоколго кол коюлду.

Татарстандан келген бул делегацияны "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы, Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишине шектелгендердин бири Айбек Калиев да толуктады. Ал учурда татарстандык "Тармактык компания" акционердик коомунун филиалынын директорунун орун басары болуп кызмат кылууда.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат",- деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

2019-жылдын 6-декабрында Айбек Калиевди Свердлов райондук сотунда күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

Октябрь окуялары учурунда ал абкатан чыгып кетип, бирок кийин ыктыярдуу түрдө кайтып барган. 2021-жылы президент тарабынан ырайым берилип, бошотулган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: