Израил Газанын 40 пайызын көзөмөлүнө алганын маалымдады
Израил армиясы Газа шаарынын 40 пайызын көзөмөлгө алганын билдирди. Бул тууралуу Израил армиясынын өкүлү Эфи Дефрин маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.
"Операция кеңейип, күчөтүлөт. Биз ХАМАСты кайсы жерде болсо да кууп жиберүүнү улантабыз",- деген Дефрин Reuters агенттигине.
Азыркы учурда Израил Зейтун жана Шейх Радван райондорунда иш алып барып жатат. Дефрин аскердик миссия Израилдин бардык туткундарын бошотуу жана ХАМАС кыймылынын башкаруусун жоюу менен гана аяктай турганын белгиледи.
Израил тараптын маалыматына караганда, шаардан 70 миң адам чыгып кеткен.
Израил 20-августта Газа шаарына кол салып, 29-августта аны "жарандары бар согуш аймагы" деп жарыялаган. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху согуш бардык туткундар бошотулуп, ХАМАС толук куралсызданып, Израилдин толук көзөмөлү орнотулганда гана аяктай турганын билдирген.
