6-сентябрдан тартып Бишкектеги Дэн Сяопин проспектинин Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки түндүк тарабы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Аталган тилкенин түштүк тарабы унаа кыймылы үчүн эки тараптуу уюштурулат.

"Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт",- деп айтылат маалыматта.