Өлкөдө аскерге чакыруу учурунда медициналык кароодон өткөрүү тартиби бузулганы айтылды
Акыйкатчы институту 2025-жылы мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик чакыруунун жазгы өнөктүгүнө өлкө боюнча 25 аскер комиссариаттарына мониторинг жүргүзүп, бир катар олуттуу кемчиликтерди аныктады.
Мониторинг Бишкек жана Чүй облусундагы аскер комиссариаттарын толук камтып, калган 6 облуста тандалма жүргүзүлдү.
Иликтөөнүн жыйынтыгында, аскер комиссариаттарында аскерге чакыруу учурунда медициналык кароодон өткөрүү тартиби бузулганы аныкталды.
Белгилей кетсек, атайын комиссиясынын курамын жергиликтүү бийлик бекитет. Дарыгерлердин курамын хирург, терапевт, невропатолог, окулист, отоларинголог, психиатр жана башка адистер камтыйт. Бирок мониторинг жүргүзүлгөн комиссариаттардын айрымдары дарыгерлер менен толук камсыз болгон эмес.
Мисалы, мониторинг учурунда Свердлов райондук аскер комиссариаттарында адистештирилген дарыгерлердин жоктугунан башкы дарыгер (терапевт) калган адистердин ордуна кол коюп, аскерге жарактуулугун тастыктап жаткан.
Ленин, Жайыл жана Сокулук райондук аскер комиссариаттарында хирург, офтальмолог, дерматолог, невролог жок болгон. Жайыл райондук аскер комиссариатына мониторинг учурунда медициналык кароону психиатр жана медайым гана өткөрүп жаткан.
Бул кемчиликтерден улам саламаттыгында олуттуу көйгөйлөрү бар жигиттер да аскерге жөнөтүлүп, кызмат өтөө учурунда ден соолугу начарлап, оор кесепеттерге алып келген учурлар кездешет.
Мисалы, 2024-жылдын 30-октябрында Сузак райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган Б.Б.У. аттуу жаран медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, аскердик кызматка жарактуу деп табылган. Армияга келгенден кийин 4 күн өтпөй жүрүм-туруму өзгөрүп, ал Республикалык психиатрия жана наркология борборуна жаткырылып, андан “шизофрирениянын симптомдору менен курч психикалык бузулуу” дарты аныкталган.
Алсак, 2025-жылдын жазгы чакырылышында медициналык кароодон ийгиликтүү өткөн жоокерлердин арасынан төртөөнүн мурдагы өнөкөт оорулары күчөгөндүгүнө байланыштуу, кайра медициналык кароодон өтүп, “кызмат өтөөгө жараксыз” деп табылган.
Акыйкатчы Институту Коргоо министрлигинин аскер госпиталына дагы мониторинг жүргүздү.
Каттоо журналындагы маалыматта 2024-жылдын 1-январынан 6-декабрына чейин аскер госпиталына жалпысынан 1274 адам кайрылса, анын 324ү катардагы жоокерлер болгон. Ал эми 2025-жылдын 1-январынан август айына чейин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылган, анын 114ү катардагы жоокер.
2025-жылдын январь-июль айларында 8 аскер кызматкерлери жаракат алып, аскер госпиталына кайрылган. Алардын арасынан 6 аскер кызматкеринин буту, бирөөнүн сол тарабындагы 4-5 кабыргасы жана дагы 1 бейтаптын омурткасы сынган. Дагы 2 жоокер күйүк алып госпиталга түшкөн.
Андан сырткары, ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен дагы дарыланышкан.
Акыйкатчы Институту Коргоо министрлигине аскердик дарыгерлер комиссиясынын курамын тийиштүү адистер менен толуктап, толук кандуу медициналык кароонун уюштурууга чакырып кат жолдогон. Коргоо министрлиги буга жооп кылып, институтка аскер комиссиаттарын дарыгерлер менен камсыздоо боюнча тапшырма берилгенин кабарлаган.
