Путин: "Украинанын аймагы боюнча маселе референдум аркылуу чечилиши керек"
Орусиянын президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөгөндөн кийин кайрадан Украинадагы согуш тууралуу пикирин билдирди.
Ал дагы бир жолу Украина президенти Владимир Зеленский менен түз жолугушуунун чоң мааниси жок экенин айтып, бирок жолугушууга даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай жолугушуу үчүн эң ылайыктуу жер Москва болуп эсептелет.
"Мен жолугушуунун чоң мааниси жок экенин айткам. Эмне үчүн? Анткени Украина тарап менен негизги маселелер боюнча келишүү дээрлик мүмкүн эмес",- деди Путин.
Путиндин айтымында, аймактарга байланыштуу келишимдерди түзүүдө юридикалык жана техникалык кыйынчылыктар бар. Путин мындай макулдашуулар референдум аркылуу тастыкталышы керектигин айтты, бирок ал үчүн Украинада аскердик абалды жокко чыгаруу керек экенин белгиледи.
"Эгерде аскердик абал жокко чыгарылса, анда дароо президенттик шайлоо өткөрүү керек",- деди ал.
