super.kg logo

УКМК төрагасынын кубогу үчүн жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады (фото)

 

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кубогу үчүн спорт түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Спартакиадага УКМКнын бардык аймактык башкармалыктарынын, 9-кызматтын, "Альфанын" кызматкерлери, ошондой эле Чек ара кызматы жана ардагерлер катышты. Мурда маалымдалгандай, иш-чара эркектер арасында спорттун командалык түрлөрү – футбол, волейбол, баскетбол, жеке спорттун түрлөрү – шахмат, аялдар үчүн – 3000 метрге эстафеталык чуркоо, дартс, 3х3 баскетбол боюнча өткөрүлдү.

Спартакиаданын жабылыш аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев расмий сөз сүйлөп, спорттук иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Анда ал кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун бирден-бир өбөлгөсү катары спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматчыларынын дене тарбиялык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн, спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу тартипти, командалык маанайды жана жалпы күжүрмөн даярдыкты чыңдоого жардам берерин белгиледи.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төраганын кубогу жана баалуу белектер ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: