Кытай фирмасына мыйзамсыз жол курулушу үчүн 2,8 миллион сом доо коюлду (видео)

Маалым болгондой, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 3-сентябрында Ноокат районуна караштуу Ноокат токой чарбасынын Абшыр-Ата токойчулугу аймагында инспекторлор тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кытай фирмасы тарабынан тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок, токойлуу жайыт жерден 1003 чарчы метр аянттагы жер кыртышы жол салуу максатында бузулганы аныкталган.
Аткарылган мыйзам бузуу боюнча 2 890 944 сом өлчөмүндө доо эсептелген. Бул материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилгени айтылды.
Кытай фирмасына мыйзамсыз жол курганы үчүн 2,8 миллион сом доо коюлду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.