super.kg logo

Дүйнөдөгү эң кичинекей өлкөгө саякат (блог)

 

Бүгүн сиздерди порталыбыздын #Sayakattime рубрикасы менен дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет болгон Ватиканга виртуалдык саякатка чакырабыз.

Мектепте дүйнө тарыхы сабагынан берген агайым бир жолу: "Ватикан — дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет. Ушунчалык кичинекей, биз жашаган Төлөйкөн анын жанында чоң болуп калат" деп күлүп айтып берген эле (Төлөйкөн — Оштогу мен төрөлүп, өскөн жер). Ошондо "кантип эле ушундай кичинекей өлкө болсун?" деп таң калып койгон элем. Жылдар өтүп, акыры ошол таң калуум жана кызыгуум бул өлкөнү көрүү менен жыйынтыкталды.

Анда эмесе мен сиздерге Ватиканга болгон сапарымды баяндап берейин.

Бул өлкөнүн аянты болгону 440 миң чарчы метр, калкы миңге жетпейт. Бирок анын тарыхый жана диний мааниси айрым ири мамлекеттерден да күчтүү. Бул жер католик чиркөөсүнүн жүрөгү, миллиондогон зыяратчылардын ыйык жайы жана искусствонун түбөлүк мекени.

Мамлекетти Рим Папасы башкарып, ал бир эле учурда руханий лидер жана саясий жетекчи. Ватикандын өзүнүн армиясы жок, бирок аны тарыхый белгилүү швейцариялык гвардиячылар коргойт. Ал эми Италия менен 1929-жылы кол коюлган Латеран келишими аркылуу өз алдынчалыгы таанылган.

Ватикан — аймагы кичинекей болгону менен, дүйнөлүк деңгээлде маанилүү ролго ээ. Бул жерде дин, тарых жана искусство бириккен.

Ватиканга киргенде дароо өзүнчө дүйнөгө түшкөндөй болдум. Чек арасы Рим менен чектеш болсо да, абасы, атмосферасы башкача. Ыйык Пётр аянтындагы адамдардын агымы эч токтобойт. Бул жерди дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтер жана зыяратчылар толтуруп турат.

Ватикандагы эң маанилүү жана сөзсүз көрүлчү жайлар төмөнкүлөр:

Сапарымдагы эң чоң таасир — Ыйык Пётр собору болду. Архитектурасынын кереметтиги, бийик күмбөзү жана ичи тарыхка бай эстеликтер менен толгон. Ар бир бурчу кылдаттык менен жасалган. Собордун ичиндеги көркөмдүккө суктанбай коюу мүмкүн эмес.

Бул дүйнөдөгү эң чоң жана эң таасирдүү диний имараттардын бири. Ичинде Микеланжелонун атактуу "Пьета" айкели сакталган. Ал эми куполуна чыгып, Рим шаары менен Ватиканды бийиктен караганымда, эң кооз көрүнүштөрдүн бири ачылды.

Ватикан Некрополу жана Санкт-Петрдин кабыры – Санкт-Петр базиликасынын астында жайгашкан байыркы көрүстөн. Католик салты боюнча, Ыйык Петир дал ушул жерде коюлган деп ишенишет.

Ватикан музейине киргенде болсо, тарыхтын миңдеген жылдык мурастары менен бетме-бет келгенимди сездим. Андагы сүрөттөр, скульптуралар, залдардын өзгөчө жасалгасы тарых барактарын барактап жаткандай абалга түшүрдү. Айрыкча Микеланджелонун Сикстин капелласындагы сүрөттөрүнө суктанбай өтүү мүмкүн эмес экен.

Музейлердин эң маанилүү бөлүгү – дал ушул Сикстин капелласы. Микеланджелонун атактуу "Адамдын жаралышы" жана "Акыркы сот" сүрөттөрүн көрүү үчүн жыл сайын миллиондогон туристтер келерин коштоп жүргөн гид айтып берди.

Бернининин колонналары курчаган Санкт-Петр аянты – Ватикан менен Римдин символдорунун бири. Ар бир ири диний иш-чара, анын ичинде Папанын салтанаттуу ибадаттары ушул жерде өтөт.

Апостолдук сарай – Папанын расмий резиденциясы. Толук түрдө коомчулукка ачык эмес, бирок анын айрым бөлмөлөрү жана китепканасы музей катары көрсөтүлөт экен.

Ватикан бактарын көпчүлүк биле бербейт, бирок Ватикандын жашыруун бермети – бул бактар. Тынчтыкка толгон жаратылыш кооздугу менен эс алууга ылайыктуу. Кирүү үчүн алдын ала экскурсияга жазылуу зарыл.

Ватикандын атмосферасы өзгөчө экенин ар бир кадам сайын сезилип турду. Кимдир-бирөөлөрдүн диний ишеним менен келгенин, башкалары искусствого суктанып, тарыхты изилдеп жаткандарын байкадым. Бирок баарын бириктирген нерсе — бул жердин тынчтык жана руханий энергиясы.

Мектептеги тарых сабагында агайым айткан "дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекет" деген сөз мен үчүн көпкө чейин жөн гана кызыктуу маалымат болчу. Бирок бүгүн мен Ватиканды өз көзүм менен көрүп, анын канчалык улуу тарыхка жана дүйнөлүк мааниге ээ экенин түшүндүм.

Чындыгында, Ватикан — аймагы кичинекей болсо да, дүйнөлүк маданиятта жана руханий дүйнөдө орду абдан чоң мамлекет экен. Мен үчүн бул саякат "кантип эле ушундай кичинекей өлкө болсун?" деген таң калычтуу суроонун жообу гана эмес, тарыхтын, диндин жана искусствонун бириккен улуу борборун таануу мүмкүнчүлүгү болду.

Ошондой эле бул сапарым мага тарыхты гана эмес, руханий дүйнөнү да башкача баалоону үйрөттү.


кошулду





Ватикан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: