super.kg logo

Америкалык актёр Стивен Сигал өзүн орус деп эсептей турганын айтты

 

Америкалык актёр жана Орусия менен АКШнын ортосундагы гуманитардык байланыштар боюнча Орусия ТИМинин атайын өкүлү Стивен Сигал өзүн орус деп эсептей турганын билдирди.

"Мен АКШда иштебейм. Мен - орусмун",- деди Сигал Чыгыш экономикалык форумунан кийин.

2022-жылдын август айында да Сигал орус телеканалына берген маегинде өзүн орус деп эсептей турганын билдирген. Ошондой эле ал "Адилеттүүлүк үчүн" деген даректүү тасмада да ушундай эле билдирүү жасаган. Ал тасмада Сигал 2022-жылы Орусия президенти Владимир Путинге кат жазып, анда "өзүнүн президенти үчүн өлүүгө даяр" экенин жана анын тарабында согушууга даярдыгын билдирген.

Сигал 2016-жылы Орусия жарандыгын алган, ал эми 2018-жылы Орусия ТИМинин АКШ менен гуманитардык байланыштар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган. 2023-жылы Путин аны "Достук" ордени менен сыйлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: