super.kg logo
  Саясат  

Жумгал районунда жашаган 122 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 59у мектепке барат

 
Нарын облусунун Жумгал районунда жашаган 122 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 59у мектепке барат. Бул тууралуу 16-январда  “Келечек Хелпсром” программасынын алкагындагы изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болду. 
Изилдөө Чаек, Байзак, Жаңы-Арык жана Куйручук айылдарында жайгашкан 8 мектепте жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында Чаек айылында мектеп жашындагы 44 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын 8и гана мектепке барары, Жумгал айылында 9 баланын 5и, Байзак айылында 36 баланын 17си, Жаңы-Арыкта 31 баланын 24ү жана Куйручуктагы 12 баланын 5и гана мектепке барары белгилүү болгон. 
Көпчүлүк балдар ден соолугуна байланыштуу өз алдынча баса алышпайт. Мектептерди майыптарга ылайыктап оңдоо үчүн 113 миң сом керек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: