Жайкы эскерүүлөр: Ысык-Көлдөгү Beeline кино кечелери кандай өттү
















Август айында Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Ысык-Көлдүн тургундарына жана конокторуна ачык асман алдында унутулгус кечелерди тартуулады. Акысыз кино көрсөтүүлөр "Ата-Конуш", "Алтын-Көл", Chaika Resort, "Золотые пески" жана "Ак-Маралдын" кооз пляждарында өттү.
Ысык-Көлдөгү сегиз кино кечесине 1700гө жакын коноктор – туристтер, эс алуучулар жана жергиликтүү тургундар чогулду. Майрамдык маанай, жылуу атмосфера жана көңүлдүү учурлар бул иш-чараларды чындап жагымдуу жана эсте каларлык кылды.
Баары жакшы кинодогудай болду. Коноктор атайын даярдалган сүрөт аймагында жаркыраган сүрөттөрдү тарта алышты, Beeline компаниясынын белектери менен сынактарга катышып, албетте, чоң экрандан ата мекендик тасмаларды көрүүдөн ырахат алышты. "Этномедиа" онлайн-кинотеатрынын колдоосунун аркасында көрүүчүлөр "Полчан 3", "Чаке", "Перегонщик", "Интеллигент" жана "Сабак" сыяктуу тасмаларды көрүштү.
Beeline Кыргызстан Чолпон-Ата шаарынын мэриясына, ошондой эле "Алтын-Көл", "Золотые пески", Chaika Resort жана "Ак-Марал" пансионаттарынын жетекчилигине иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Кино кечелеринин бардык конокторуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз, алар бул окуяда башкы ролду ойношту.
Жайкы кино көрсөтүү сезону аяктады, бирок алдыда жаңы сюрприздер күтүп турат – күз андан да жаркын болот! Ал эми күзгү кечтерди дагы да жылуу жана жагымдуу кылуу үчүн – Beeline компаниясынан "Бул", "Чексиз ай" же "Чексиз жума" тарифтерин Бонускана аркылуу кошуп алыңыз. Сиз акысыз бонустарга, анын ичинде "Этномедиага" жана башка онлайн-кинотеатрларга мүмкүнчүлүк аласыз.
Бонустарды "Мой Beeline" тиркемесинде тандаңыз, кошуңуз жана акысыз алмаштырыңыз – жана сүйүктүү тасмаларыңызды Сизге ыңгайлуу жерде, мыкты сапатта көрүңүз.
Бул мүмкүн. Бул Beeline.
КР СӨMгө караштуу БТЖCжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, №16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары
