super.kg logo

Бишкекте Борбор Азиялык дерби 

 

Кыргызстандын 23 жашка чейинкилердин (U-23 ) Олимпиадалык курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү башталыш жасап, Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңди.

Эртең тайпанын эң маанилүү беттеши – Борбордук Азиялык дерби: Кыргызстан ?? — ?? Өзбекстан оюну өтөт. Беттеш 6-сентябрь күнү саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ошондой эле беттеш алдында күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа даярдалган. Көңүл ачуучу программа саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама жамааты «E» тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка менен бирге ойнойт. Тандоо турларына 44 курама команда катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Азия Кубогунун акыркы этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт. Акыркы баскычка 16 мыкты команда чыгат.

Беттешке билеттер TICKET.KG сайтында сатылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: