super.kg logo

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер агенттиги элге кайрылды

 
Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик өлкө жарандарына кайрылып, социалдык тармактарда тараган маалыматтарга этият мамиле кылууга чакырды.
Мекеме белгилегендей, айрым фейк аккаунттар тарабынан социалдык тармактар аркылуу бурмаланган маалыматтар таратылууда.
"Өлкөбүздө жана дүйнөдө болуп жаткан ар кандай окуялардын айланасында социалдык тармактарда маал-маалы менен кызуу талкуулар жүрүп турат. Акыркы эле мисалдарды алсак, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер-жерлерде мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге, тарыхый окуяларга, ошондой эле чек арадан өтүү процессинде жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу айрым фейк аккаунттар тарабынан социалдык тармактар аркылуу элдин ынтымагына доо кетирүүчү, коомдо чыңалуу жараткан пост жана комментарийлер жазылып, бурмаланган маалыматтар таратылууда.
Алар – дин жана этностор аралык мамилелерге байланыштуу чагымчылдык постторду же комментарийлерди жазып, элдин талкуусун сууну нуктан бургандай буруп жатышат.
Улуттук агенттик жогорудагылардын негизинде жарандарды мындай чагымчылдыктарга алданбоого, коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту сактоого, элдин биримдигин бекемдөөгө, фейк аккаунттар аркылуу социалдык тармактарда жайгашкан постторго комментарийлерди жазууда этият болууга чакырат.
Өлкөбүздүн тез өнүгүп жаткандыгын көрө албаган тараптар да бар экендигин, ошондой эле элдин ынтымагы жана жарандык биримдик – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн жана туруктуулугунун негизи болорун белгилейбиз", - деп айтылат кайрылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: