super.kg logo

Ысык-Көлдүн түбүнөн торлор чыгарылууда 

 
ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн 30 метр тереңинен торлорду алып чыгууда. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМдин Суучулдар кызматынын суучулдары 2 топко бөлүнүп, көлдү тазалоо иштерин жүргүздү.
1-топтогу суучулдар Ысык-Көлдүн Ананьево аймагынан Кичи-Өрүктүсүнө чейин бир нече айылдарды камтыган аралыктарда 30 метр тереңдикке көл түбүнө түшүштү. Ал эми 2-топ Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Тал, Ой-Булак, Кутургу, Фрунзе, Күрмөнтү айылдарынын тушу, жээктен 1000 метр алыс көлдүн 30 метр тереңине түшүп тазалашты.
Анткени буга чейин көлдүн 10 метрден ашуун тереңи балык улоочу торлор чыгарылса, эми 30 метр тереңдеги торлорду чыгарууну улантууда.
Учурда Суучулдарды суу алдына түшүрүү үчүн моторлуу жеңил катерлерди колдонууда.





05.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: