Акылбек Мураталиев “Кыргызфильмдин” башкы редактору болду

Маалым болгондой, Мураталиевди эмгек жамаатка Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев тааныштырды.
Акылбек Мураталиев 1957-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылында төрөлгөн. 1974–1979-жылдары Москвадагы М.С. Щепкин атындагы театр окуу жайында “Драма жана кино актёру” адистиги боюнча билим алып, СССРдин Эл артисти Юрий Соломиндин мастерскаясын ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолу
- 1979–1992 – Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр
- 1991–1994 – Жеке ишкерлик
- 1994–1998 – Киностудиялык компания «Гульсаранын» директору
- 1998–2002 – «Жети-Өгүз» коомдук бирикмесинин төрагасы
- 2002–2003 – Бишкек шаардык Кино үйүнүн директору
- 2003–2005 – «Ош-3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары
- 2005–2007 – «Кут билим» фондунун төрагасы
- 2007–2009 – Кинокомпания «Тазардын» башкы директору
- 2009–2012 – Телерадиокомпания «Манас жаңырыгынын» директордун орун басары
- 2012–2016 – КР Омбудсменинин Москва жана Москва облусундагы кеңешчиси; Поликультурдук кыргыз борборунун жетекчиси
- 2016–2017 – Нарын музыкалдуу-драма театрынын көркөм жетекчиси
- 2017–азыркы убакка чейин – ТРК «Манас жаңырыгы» каналында «Сырдуу дүйнө» жана «Учур маселеси» автордук программаларынын алып баруучусу
Сыйлыктары
- Кыргыз Республикасынын Эл артисти
- Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү
- Театр ишмерлер союзунун мүчөсү
- Орус Федерациясынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:01
2025-09-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.