Кыргызстан курама командасы Кувейттеги машыгуу сборунун алкагында экинчи беттешинде утулду

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы кечээ, 15-январда Кувейттеги машыгуу сборунун алкагында жергиликтүү “Аль-Салмийя” клубу менен беттешип, жеңилип калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш 3:1 эсебинде жыйынтыкталды. Кыргызстан курама командасынын жалгыз голун команданын капитаны Азамат Байматов 11 метрлик айып соккусунда киргизди.
Эске салсак, АФКнын Чакырык кубогунун финалдык баскычына даярдык көрүп жаткан курама команда биринчи беттешин 12-январда “Аль Сулайбихат” командасына каршы ойноп, 2:2 эсебинде тең чыккан. Жалпысынан Кувейтте 3 футболдук клуб менен беттеш өтөт. Эми жыйынтыктоочу 3-беттеш 17-январда кувейттик “Аль Араби” клубу менен болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:34
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.