Бишкектин четинде жаңы мал базар ишке кирди (сүрөт)
Бишкекте бүгүн, 6-сентябрда “Алтын -Казык” аталышындагы жаңы мал базар ишке кирди. Анын ачылышына айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты.
Министр өз сөзүндө жаңы мал базар өкмөттүн токтомуна ылайык иштеп баштаганын белгиледи. Себеби борбор шаарда буга чейин иштеп келген мал базарлар, мал союучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербей келген.
Министрлик кабарлагандай, базар заманбап талаптарга ылайык курулуп, майда малдын тазалыгы үчүн атайын пластик такталар алынып келинген. Ошондой эле ветеринардык пункт, иззолятор, намазкана, ашкана, суткасына 200 бодо, 300 майда мал союучу касапкана жайгашкан.
Бишкек мэриясы эми бул жаңы базарга “Жантай”, “Пригородный”, “Эски Толчок”, “Нарбото” мал базарлары көчүрүлөрүн, ошондой эле 20га чукул талапка жооп бербеген мал союучу жайлар жабыларын билдирген.
Базардын администрациясынын айтымында, жаңы базардын жалпы аянты 4 гектарды ээлеп, 1520 майда мал, 600 бодо мал үчүн атайын жабык орун даярдалган. Андан тышкары ишемби, жекшемби күндөрү сырттан мал сатууга келген фермерлер үчүн кенен орун бар. Долбоорго жалпысынан 200 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.
Белгилей кетсек, базар Маевка конушу тарапта жайгашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















