Миланда Жоржио Арманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө





Италиянын Милан шаарында Armani мода үйүнүн негиздөөчүсү, модельер Жоржио Арманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал 4-сентябрда 91 жашында дүйнө салган.
Коштошуу зыйнаты мода үйүнүн башкы кеңсесиндеги Armani/Teatro көргөзмө аянтында өтүүдө. Мода дизайнери менен коштошуу үчүн Миландын мэри Жузеппе Сала жана анын көптөгөн мурдагы кызматкерлери да келишкен.
Армани 1934-жылы 11-июлда Италиянын түндүгүндөгү Пьяченца шаарында туулган. Ал 1974-жылы алгач ирет өзүнүн аты менен коллекциясын сунуштап, 1975-жылы досу, архитектор Сержио Галлеоти менен "Армани" компаниясын негиздеген.
Компаниянын дүйнө жүзү боюнча 500дөн ашык дүкөндөрү бар. Мындан тышкары аларга эки мейманкана (Милан жана Дубайда) жана дүйнө жүзү боюнча 26 ресторан тиешелүү.
Мода дизайнери миллиардер болгон. Forbes анын байлыгын 12 миллиард доллар деп эсептейт.
