Путин жер титирөөдө операция жасаган камчаткалык дарыгерлерди сыйлады
Орусия президенти Владимир Путин Камчаткадагы жер титирөө учурунда операцияны уланткан медицина кызматкерлерин сыйлады. Тиешелүү тескеме 6-сентябрда расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.
Буга чейин Камчаткадагы онкологиялык диспансердин дарыгерлери жер титирөөгө карабай операцияны улантышканы маалымдалган.
Мамлекет башчысы Ян Гвоздева менен Дадар-оол Менги Сылдысовичти экстремалдык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү жана кайратмандыгы үчүн Пирогов ордени менен сыйлады.
Ал эми Любовь Цыплакова менен Сергей Шелгановго Орусиянын Эмгек сиңирген дарыгери наамы ыйгарылды.
Камчатка крайынын саламаттыкты сактоо министри Олег Мельниковдун айтымында, өзгөчө кырдаал учурунда дарыгерлер "тынчтыгын сактап, бейтап менен акырына чейин болушту". Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов онкологдорду сыйлоого буйрук берген.
Белгилей кетсек, 30-июлда күчү 8,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Елизовский районунда байкалган. Петропавловск-Камчатский жана Северо-Курильск шаарларында да сезилген.
