Чыр үлпөт тойдо чыккан... Чүйдө массалык мушташка катышкандар кармалышты
Чүйдүн Александровка айылындагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголуп, окуяга катышкандар кармалды. Бул боюнча бүгүн, 7-сентябрда облустук милиция маалымат берди.Мекемеге Александровка айылында мушташ болгону тууралуу маалымат 5-сентябрда саат 23:17де түшкөн.
Милиция билдиргендей, чыр ушул жылдын 1-сентябрында үлпөт тойдо башталып, кийинчерээк чыр 5-сентябрда орун алган массалык мушташка айланган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, милицияга 21 адам жеткирилип, сурак жүргүзүлдү. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Учурда бул факты боюнча 18 жаштагы Х.К., Ю.Ф., Л.Т., Д.А., 19 жаштагы Д.А. жана 21 жаштагы Я.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Окуяга катыштыгы бар балдарды аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















